Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Вашингтондо Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов тууралуу китептин бет ачары өттү


Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов.
Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов.

Америкалык изилдөөчү Жеффри Б. Лиллинин “Have the Mountains Fallen?” деп аталган китебинин бет ачары жана талкуу бүгүн Вашингтондо Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталып, бир сааттан ашык убакытка созулду.

Талкуунун негизги катышуучулары китептин автору, Британия каржылаган Кыргызстандагы парламентти колдоо программасынын жетекчиси Жеффри Б. Лилли, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын башчысы Венера Жуматаева, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Вашингтондогу кеңсесинин медиа менен байланыш менеджери Мухаммад Тахир, "Ачык коом" фондунун улук кеңешчиси Алекс Жонсон болду.

Ага АКШдагы Кыргызстандын тарыхына кызыккан башка адамдар да катышып, талкуу суроо-жооп форматында өттү.

Америкалык изилдөөчүнүн китеби Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтай тууралуу абдан таасирдүү окуяларды баяндайт. Экинчи Дүйнөлүк согушта нацисттерге туткунга түшүп калган Азамат Алтай согуш аяктагандан кийин Батышка качкан. Ал өз мекенинде – Советтер Союзунда чыккынчы деп айыпталган. Ал эми Кыргызстандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов репрессияга кабылган атасынан эрте ажырап, кийин замандаштарынын турмушу тууралуу романдарды жазган.

Азамат Алтай Кыргызстандан алыс жакта туруп, Чыңгыз Айтматов өз мекенинде жашап, экөө бирдей курал-жараксыз, аң-сезим жана акыл күрөшүн жүргүзүшкөн. Экөөнүн куралы - сөз, принциптер жана баалуулуктар болгон. Чыңгыз Айтматов тогуз жашында атасынан ажырап, бир үйдүн таянар тоосуна айланса, Азамат Алтай ондогон жылдар бою жакын адамы жок чет жакта өмүр сүрдү. Бул экөө тең жашоо үчүн эртелей чоң күрөшкө аттанууга аргасыз болушкан. Ал күрөш көбүнесе аң-сезимди чырмаган эмоционалдык күрөш болгон.

“Азаттык” үналгысынын кыргыз кызматынын алгачкы журналисти, Кыргызстандагы демократиялык жараянга бараандуу салым кошкон коомдук ишмер Азамат Алтай 2006-жылы 23-майда 86 жашында көз жумган. Маркумду акыркы сапарга узатуу расмысы Нью-Йоркто өткөрүлгөн.

Ал эми залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда 79 жашында каза болуп, сөөгү "Ата-Бейитке" коюлган.

XS
SM
MD
LG