Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 02:19

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын жетекчилиги менен жолугушуу уюштуруш үчүн “эң жогорку деңгээлде” түз сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал шейшемби күнү Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ менен Флоридада өткөн жолугушуусунда айтты. «Кандай жыйынтык чыгарын көрө жатарбыз”, деди Трамп.

АКШ эки өлкөнүн лидерлери май айында жолугушуусу мүмкүн экенин жарыялаган. Түндүк Корея бул боюнча үн ката элек. Саммит кайда болоору да азырынча белгисиз.

Пхеньян буга чейин эгер Түштүк Корея АКШ жана Жапония менен бирге өткөргөн аскердик машыгууну токтотсо өзөктүк куралдан баш тартууга макул экенин билдирип келген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG