Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

"Телеграмды" колдогон активисттер административдик жазага тартылды


Мария Алехина.
Мария Алехина.

Москва соту шаршемби күнү "Pussy Riot" панк-тобунун мүчөсү Мария Алехинаны 100 сааттык милдеттүү жумуш кылуу түрүндө жазага тартты. Ал Орусияда сот аркылуу бөгөт коюлган "Телеграм" мессенжерин колдоп чыккан. Сот Мария Алехинаны жана акциянын дагы бир катышуучусу, өзүн православ активисти деп атаган Дмитрий Энтеону "коомдук жайда жүрүү эрежесин бузду" деп тапты.

Сот отурумуна "Pussy Riot" тобунун дагы бир мүчөсү Надежда Толоконникова да келди.

Мария Алехина, Дмитрий Энтео жана дагы 10 киши 16-апрелде, Роскомнадзор "Телеграмды" жаба баштаган күнү кармалышкан. Алар ар кыл түстөгү кагаз учактарды Лубянкадагы Федералдык коопсуздук кызматынын имаратын көздөй учурушкан. Тергөөдө "адамдар тобу кагаз буюмдарды учуруп, Федералдык коопсуздук кызматына жакын жайдагы адамдар өтүүчү жерди булгаган" деп айтылды.

Эртеси күнү сот акциянын эки катышуучусу - Юлия Костенко менен Алина Музыченкону акчалай айыпка жыккан. Алехина менен Энтео полицияда эки күн кармалган.

Орусияда "Телеграмдын" жетекчилиги адамдардын жеке сүйлөшүүлөрүнүн сыр сөздөрүн Федералдык коопсуздук кызматына берүүдөн баш тарткандан кийинки сот чечимине ылайык дүйшөмбүдөн тартып бөгөт коюла баштады. Роскомнадзор "кат чабарманына байланышы бар" деген миллиондогон IP-даректерди жапты. Андан жүздөгөн онлайн-кызматтар да жабыркады.

XS
SM
MD
LG