Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

«Окуган бала – гүлдөгөн Кыргызстан!» жумалыгы өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган «Окуган бала – гүлдөгөн Кыргызстан!» жумалыгы башталууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Анын айтымында, 21-27 апрелде өтө турган иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналат:

- Максат – билимге, руханий байлыкка жана маданиятка жол ачуучу китепти окууга балдардын жана чоңдордун кызыгуусун арттыруу. Бул багытта ата-энелердин маанилүү ордун көрсөтүү жана мекенчилдик, адам өмүрүнүн баалуулугу, табият менен адам баласынын биримдиги идеяларын илгерилетүү, Айтматовдун чыгармаларына көңүл буруу. Мындан тышкары, «Китеп искусствосу» улуттук сынагынын жети номинация боюнча сыйлыктары тапшырылат.

Жумалыкты Маданият, маалымат жана туризм, Билим жана илим министрликтери, Мамлекеттик китеп палатасы, ЮНИСЕФ, USAID уюмдары АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен бирге уюштурууда. (RK)

XS
SM
MD
LG