Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 10:32

Контртеррористтик иш-чаралардын алкагында эл аралык террордук уюмдардын биринин үгүтчүсү, 36 жаштагы А.Э. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Андан алынган маалыматка караганда, колго түшкөн адам террордук уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен 2015-жылы Сирияга Кыргызстандын төрт жаранын жөнөткөн. Ал Сириядагы куралдуу кагылышуу аймактарына рекруттарды жиберүү жана үгүт иштерин жүргүзүү үчүн акыркы жылдары жакынкы чет өлкөлөрдүн бирине барып, ошол жерде туруктуу жашап жүргөн.

Ушул жылдын 17-апрелинде ал террордук уюмдун бандиттик түзүмдөрүнүн катарын жаңы жоочулар менен толукташ үчүн Кыргызстандын жарандарын алып кетүү максатында келген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси (“Жалданмачылык”) менен кылмыш иши козголду. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG