Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Шыкмаматов: Текебаевге кысым болуп жатат


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүн парламенттин жыйынында абактагы партия лидери Өмүрбек Текебаевге басым болуп жатканын билдирди. Ал өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылып, буга көңүл бурууга чакырды.

- Эки күндөн бери №47 абакта Өмүрбек Текебаевге кысым жасала баштаптыр. Муну бүгүн ошону токтоосуз түрдө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына эскертсеңер. "Башка камерага которобуз, башка адамдарды кошобуз үстүнө" деп жатыптыр. Мындай болбойт да.

Жаза мөөнөтүн №47 абакта өтөп жаткан Текебаев "Орусиянын жаранынан пара алган" деген айып менен 2017-жылы февраль айында кармалып, кийин сегиз жылга кесилген. Өзү муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн бийликтин куугунтугу деп эсептейт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG