Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:57

Ошто Сулайман-Тоодон секирип каза болгон аялдын өлүмү боюнча иликтөө башталды


Сулайман-Тоо.

Ош шаарында Сулайман-Тоодон секирип каза болгон аялдын өлүмү боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Райхан Абдрахакова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, окуя кечээ 18-апрелде кечкисин болгон. Милицияга жергиликтүү тургундар тоонун чыгыш тарабынан белгисиз адам секирип кеткенин кабарлашкан. Милиция барып караган учурда тоонун алдынан 36 жаштагы келиндин сөөгү табылган.

Тергөө учурунда аял Ош шаарынын тургуну экени, буга чейин мээсине суу толуп, шишип кеткени үчүн реанимацияда дарыланып чыкканы аныкталган. Баштапкы болжол боюнча ал ошол оорусунан тажап, өз өмүрүнө кол салышы мүмкүн.

Маркумдун сөөгү бүгүн туугандарына өткөрүлүп берилди. Факты боюнча тергөө иштери алып барылууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG