Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Ысык-Көлдө автожарыш уюштургандарга айыппул салынды


Ысык-Көлдөгү жол. Иллюстрациялык сүрөт.
Ысык-Көлдөгү жол. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында автоунаалардын жарышын өткөргөн эки айдоочуга үч миң сомдон айыппул салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ысык-Көл облустук бөлүмү кабарлады. Алардын автоунаасы да штрафтык автотурукка токтотулду.

Буга чейин Кара-Ой айылынын тургундары “Субару” жана “БМВ” үлгүлөрүндөгү жеңил унаалардын айдоочулары жарыш уюштуруп, жарандарга коркунуч келтиргенин билдиришкен болчу. Алар айдоочуларга карата чара көрүүнү өтүнүшкөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG