Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Чектөөдөн кийин "Телеграмдын" баркы көтөрүлдү


Иши чектелгенине карабай Орусияда "Телеграмды" колдонгондордун саны өсүүдө. Бул тууралуу SimilarWeb аналитикалык компаниясынын маалыматына таянып РБК агенттиги жазды.

Тагыраагы, мессенжер блоктолгон күнү, 16-апрелде telegram.org сайтына Орусиядан 1,2 млн. интернет колдонуучу кирген. Ал эми тиркемесин көчүргөндөр бир жумада эки эсе өсүп, 102 миңден ашкан.

Кызыгы, Мамлекеттик Думада, Кремлде, өкмөттө иштегендердин айрымдары да сот социалдык түйүнгө тыюу салганына карабай аны менен иштөөнү улантууда. Тышкы иштер министрлигинин акыркы билдирүүсү "Телеграм" каналга 18-апрелде жазылган.

Орусиянын атайын кызматы (ФСБ) "террористтер да сүйлөшүү үчүн колдонот" деген негизде "Телеграм" компаниясынан кат алышуунун ачкычтарын берүүнү талап кылган. Купуялыкты 100% сактоону убада кылып келген компания талапты аткаруудан баш тарткан.

Ошондон соң Москванын Таганск райондук соту 13-апрелде "Телеграм" түйүнүн Орусия аймагында жабууну чечкен. Буга байланыштуу Роскомнадзор 16 миллиондон ашуун IP-даректерди блоктоду. Мындан өлкөдөгү банктар, интернет дүкөндөрү жана башка онлайн кызмат көрсөткөн сайттар жабыркаган.

XS
SM
MD
LG