Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу фракция мүчөсү, депутат Аида Касымалиева “Твиттердеги” баракчасына жазды.
Социал-демократтар Абылгазиевдин талапкерлигин жактырганын Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу да ырастады.
Бүгүн Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен өкмөткө ишенбестик көрсөтүү жөнүндө парламенттеги азчылыктын сунушун колдоду. Ага 102 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш беришти.
Өкмөттү кызматтан кетирүү жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду. Мындан соң парламенттеги көпчүлүк коалицияга “Республика – Ата Журт” фракциясы кошулду.
Эртең, 20-апрелде Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөт шайлай турганы кабарланып жаткан. Ушул эле күнү коалициялык көпчүлүк премьер-министрдин кызматына талапкерди карай турганы буга чейин маалымдалган. Негизиги талапкер катары президенттик аппараттын башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин аты аталып жаткан.
Мухаммедкалый Абылгазиев учурда президенттик аппараттын башчысы милдетин аркалайт. (ErN)