Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доосу менен жабылган журналист Дайырбек Орунбековдун "Maalymat.kg" сайты бүгүндөн тартып кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу сайттын ээси Орунбеков өзү “Азаттыкка” билдирди.
Журналист маалымат каражатынын кайрадан иштей баштаганы ага карата чыккан соттун чечимине каршы келбейт деп эсептейт:
- Сот “мүлкү конфискация кылынсын” деп чечим чыгаргандан кийин алар мага тиешелүү нерселердин баарын сатууга коюш керек болчу. Алар сайтты сатууга коюшкан жок. Анткени сайт кыймылдуу да, кыймылсыз да мүлк болуп эсептелбейт. Экинчиден, соттун чечиминде “Maalymat.kg сайты ишмердүүлүгүн токтотсун” деп чыккан эмес, сот жөн гана “Атамбаев тууралуу маалымат төгүндөлсүн” деп чечим чыгарган. Мен болсо төгүндөйүн деп жатканда алар сайтты жаап салышкан. Башкача айтканда алардын сайтты жабышынын өзү мыйзамсыз иш болгон. Сот аткаруучулар деле “сайтты "сатууга, башка адамга каттоого алууга гана болбойт” деп камакка алганбыз" дешкен. Ал эми “Азия Инфо” мекемеси өз алдынча эле сайтты жаап салган болчу. Ошондуктан менин сайтты кайра иштете баштаганым эч кандай мыйзамга жана соттун чечимине каршы келбейт, - деди Орунбеков.
Дайырбек Орунбеков 2014-жылы сентябрда "Maalymat.kg" сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялаган. Анда июнь коогалаңына саясий баа берүү маселеси көтөрүлгөн. Башкы прокуратура "макалада айтылгандар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо кетирген" деп кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк доо арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлүп, журналистке эки миллион сомдук доо коюлган. 2016-жылы Аламүдүн райондук соту бул доону канааттандырып, кийин Чүй облустук соту да бул чечимди күчүндө калтырды. Орунбеков ал доону ушу күнгө чейин бөлүп төлөп келатат.
Ошону менен катар сот аткаруучулар домендерди каттаган “Азия инфо” уюмуна барып, Орунбековдун "Maalymat.kg" сайтына бөгөт койдуруп, жаап салышкан.
"Maalymat.kg" сайтында негизинен оппозициялык маанайдагы макалалар жарыяланып келген. Сайт ээсинин айтымында маалымат каражаты дагы эле ушул багытта иш алып барат. (ErN)