Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Арменияда камалган митингчилердин саны 120га жетти


Оппозиция лидери Никол Пашинян.

Арменияда мурдагы президент Серж Саргсяндын өкмөт башчы болуп кайтып келишине каршы нааразылык акциялары уланууда.

Бир жумадан бери полиция кармап кеткен демонстранттардын саны 120га жетти.

Өлкө президенти Армен Саркисян кечээ оппозицияны диалогго чакырып, «Жалгыз гана жол бар. Бул - диалог жана бири-бирибизди урматтоо” деп билдирди.

Ал арада оппозициянын лидери, өлкө парламентинин мүчөсү Никол Пашинян кечээ кечинде Ереванда чогулган митингчилердин саны 10 миңге чукулдаганын айтып, каршылык акцияларын жума күнү да улантууга чакырды.

Серж Саргсян 9-апрелде президенттиктен кетип, 17-апрелде премьер-министрликке шайланган. 2015-жылы Конституция өзгөртүлүп, премьердин бийлиги күчөтүлүп жатканда ал бул кызматка келбесин айткан болчу. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG