Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

Орус президенти Путин Кыргызстанга келиши мүмкүн


Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков. Москва, 2017-жыл, 26-декабрь.
Владимир Путин жана Сооронбай Жээнбеков. Москва, 2017-жыл, 26-декабрь.

Орусия Федерациясынын кайрадан шайланган президенти Владимир Путин инаугурациядан кийин Кыргызстанга иш сапары менен келиши мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ушуга байланыштуу орус элчиси эки өлкөнүн Ички иштер министрликтеринин укуктук макамы боюнча Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосунда эки тараптуу макулдашууга жетишүү зарылдыгын белгиледи.

ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, Асанов менен Крутьконун жолугушуусунда кылмыштуулук менен күрөшүүдө чогуу иш алып баруу жана эки өлкөнүн күч кызматтарынын ортосунда кызматташуу маселелери талкууланды.

Кайрадан шайланган Орусиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясы 7-майда өтөт. Ал 18-марттагы шайлоодо добуштардын 76,69 пайызын топтоп, жеңген. (ErN)

XS
SM
MD
LG