Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

АКШ президентинин кеңешчиси менен Орусиянын элчиси жолугушту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жаңы кеңешчиси Жон Болтон жана Орусиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов эки өлкөнүн мамилелерин талкуулашты.

Болтон алакалардын жакшырышы тараптардын кызыкчылыгына жооп берээрин белгиледи. Ал Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү, мурдагы тыңчы Сергей Скрипалдын Британияда ууландырылышы өңдүү маселелерди талкуулаш керек экенин айтты. Андан тышкары "АКШ Сирия менен Украинадагы кырдаалга терең тынчсызданат", деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Болтон Дональд Трамптын кеңешчиси болуп ушул айда дайындалган. Саясатчы Москвага каршы катаал позициясы менен белгилүү.

Орусия Кошмо Штаттардагы шайлоого аралашпаганын жана экс-тыңчыга кол салууга тиешеси жок экенин билдирип келатат.

XS
SM
MD
LG