Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:44

Арменияда нааразылык акциялары уланууда


Армения. Николо Пашинян эл арасында. 20-апрель, 2018-жыл.

Армениянын бийлиги диалогго чакырганы менен Ереванда мурдагы президенттин өкмөт башчылыкка шайланышына каршы чыккандардын акциясы бүгүн да уланып жатат. Жүздөгөн адамдар бүгүн эртең менен борбор шаардын көчөлөрүнө чыкты. Аларды оппозициячыл депутат Никол Пашинян баштап жүрөт.

Кечээ кечинде Республика аянтына чогулган 10 миңдей кишинин алдында сүйлөгөн депутат "нааразылык акцияларын улантыш керек" деп, бүгүн жолдорду тосууга үндөгөн. Президент Армен Саркисян демонстранттар менен полиция кагылышып кетип, 120 чакты киши кармалгандан кийин тараптарды сүйлөшүүгө чакырды.

Мурдагы президент Серж Саргсяндын кызмат мөөнөтү аяктаары менен премьерликке шайланышына каршы чыккандардын нааразылык акциялары башталганына бир жумадан ашты.

XS
SM
MD
LG