Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 04:46

Сирия президент Башар Асадга ыйгарылган Ардактуу Легиондун орденин Францияга кайтарып берди. Бул кадам Франция 14-апрелде Сирияга сокку урууга катышкандыгы үчүн жооп иретинде жасалды. Асаддын кеңсеси тараткан билдирүүдө “президент террористтерди колдогон Кошмо Штаттардын кулу болгон өлкөнүн орденин тагынууну каалабайт”, деп айтылат. АКШ, Британия жана Франция Дамасктын химиялык чабуулу катары сыпатталган окуяга жооп кайтарып, химиялык курал чыгарууда пайдаланылган деп эсептелген жайларга ракета атышкан.

Бирок дүйшөмбү күнү эле француз президенти Эммануэл Макрон Париж Асадга ордендин берилишин кайра карап чыгуу жараянын баштаганын айткан.

Асад Ардактуу Легиондун эң жогорку орденин – Чоң Крестти 2001-жылы бийликке келгенден көп өтпөй ошол кездеги президент Жак Ширактын колунан алган. Франция жыл сайын бул сыйлыкты жүздөгөн чет өлкөлүккө тапшырып келет. Орден Орусиянын президенти Владимир Путин да ыйгарылган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG