Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:41

Өкмөткө сунушталган курамдын жарымы "эскилер" экени суроо жаратты


Мыктыбек Абдылдаев.
Мыктыбек Абдылдаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев жаңыдан куралып жаткан өкмөттүн катарына мурдагы топто иштегендердин жарымы киргени тууралуу суроо койду. Премьер-министрликке көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, мунун себебин сурады.

- Биз мурдагы премьер-министрге эле эмес, өкмөткө ишеним көрсөткөн эмеспиз. Азыр кайра сунушталып жаткан курамдын 50% эскилер, - деди Абдылдаев.

Абылгазиев орду алмашпаган талапкерлердин буга чейин жасаган иштери, кесипкөйлүгү эске алынганын билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамына жаңыдан көрсөтулгөн талапкерлердин программасын угуп жатат.

Өкмөт башчылыкка Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүлгөн. Анын командасы өз программасын "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп атады.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, ал 19-апрелде кызматтан кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG