Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болуп дайындалды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевичти мурда ээлеген кызматынан бошотуп, Кыргызстандын премьер-министри кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппараты кабарлады.

Мамлекет башчы ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду жана калган вице-премьер-министрлер Жеңиш Разаковду, Алтынай Өмүрбекованы жана Замир Аскаровду аталган кызматтарга дайындоо боюнча да жарлыкка кол койду.

Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөттүн программасын, тутумун жана курамын талкуулап, аны жактырды. Жаңы өкмөттүн программасы "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп аталат. Аны премьер-министрликке көрсөтүлгөн Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттарга окуп берди. Жаңы команда 22 кишиден турат, анын төртөө аялдар. Талапкерлердин жарымы мурдагы өкмөттүн тушунда министр болуп иштеген. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, ал 19-апрелде кызматтан кеткен.(ErN)​

XS
SM
MD
LG