Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 22:40

Армения бийлиги митингде депутаттар кармалганын ырастады


Оппозициялык депутат Сасун Микаелянды кармоо учуру

Армениянын Башкы прокуратурасы жекшемби күнкү митингдер маалында кармалгандардын арасында оппозициялык депутаттар Никол Пашинян, Сасун Микаелян жана Арарат Мирзоян да кармалганын ырастады. Мекеменин басма сөз кызматы эл өкүлдөрү полициянын талабына баш ийбей, мыйзамсыз акция уюштурууга айыпталып жатканын билдирди.

Эгер прокуратура кармалгандарга 72 сааттын ичинде айып койсо, депутаттарды камакка алуу үчүн аларды мандатынан ажыратуу боюнча маселени парламент атайын жыйында карайт.

Жекшембиде Ереванда экс-президент Серж Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы жүрүш учурунда полиция 49 адамды кармап кеткен. Алардын арасында оппозиция лидерлери Никол Пашинян, Сасун Микаелян жана Арарат Мирзоян да бар экени айтылган.

Бүгүн демонстранттар нааразылык акциясын улантып, Еревандын административдик Еребуни районуна кирип келишкен. Полиция аларды таркатууга аракет кылып, кулак тундуруучу куралдарды колдонгон.

Ереванда жана башка шаарларда мурдагы президент Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы акциялар 10 күндөн бери уланууда. Демонстранттарга оппозициячыл депутат Никол Пашинян лидерлик кылып келатат. Каршылык акциясына чыккандар Еревандын борборундагы жолдорду бууп, автоунаа каттамын токтотуп коюшту. Маалымат булактары буга чейин полиция 200дөй адамды кармаганын кабарлаган. "Саргсяндан баш тарт!" деген ураан менен башталган акцияга миңдеген кишилер катышууда. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG