Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Париж чабуулдарына шектүү адам Брюсселде 20 жылга кесилди


Салах Абдесаламдын ишин караган соттук териштирүү. Брюссель, 5-февраль, 2018-жыл.
Салах Абдесаламдын ишин караган соттук териштирүү. Брюссель, 5-февраль, 2018-жыл.

Бельгиянын соту "2015-жылдагы Париждеги чабуулдарды уюштурду" деп шек саналган Салах Абдесаламды Брюсселдеги атышуу боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал француз баш калаасындагы чабуулдардан башка 2016-жылы Брюсселде полиция кызматкерлерине кол салганы үчүн айыпталып жаткан. 23-апрелде чыгарылган сот өкүмүнө ылайык, Абдесалам 20 жылга эркинен ажыратылат.

2015-жылдын ноябрында Франциянын борборунда болгон террордук чабуулдардан 130 кишинин өмүрү кыйылган. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өзүнө алган. Чабуулдан кийин Абдесалам Бельгияга из жашырып кеткен.

Европадагы эң катуу изделген адамды коопсуздук органдары 4 ай бою колго түшүрө албай жүрүп, 2016-жылдын 15-мартында гана Брюсселдин эмигранттар жашаган бөлүгүндө ага кошуп 4 шектүүнү кармашкан. Абдесаламды кармоо учурунда полиция менен атышуу болгон.

Теги марокколук француз жараны, 28 жаштагы Абдесалам Бельгиянын Мөленбек районунда чоңойгон. Эми ал Париждеги кол салуулар боюнча сот жообуна тартылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG