Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:44

Бишкекте автордук тасмалардын эл аралык фестивалы өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 26-29 апрелде "Асанбай" арт-борборунда "Артдокфест" аттуу автордук тасмалардын кинофестивалы өтөт.

Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучу "Internews Kyrgyzstan" уюмунун өкүлү Бермет Маликова кабарлады. Анын айтымында, ар кыл жанрдагы автордук документалдык тасмалардын эл аралык фестивалында "Телевизордон көрө албай турган тасмалар" көрсөтүлөт.

2007-жылы негизделген бул фестиваль быйыл Бишкекте өткөрүлөт. Анда көрүүчүлөрдүн назарына жети тасма тартууланат.

Алардын катарында Виталий Манскийдин "Туугандар" ("Родные") тасмасы, Беата Бубенецтин "Октун учушу" ("Полет пули"), Руслан Федотовдун "Киттин ырлары" ("Песни для Кита"), Мария Кравченконун "Коркунуч чегинде" ("На пороге страха") жана башкалар бар. Тасмаларды ар бир каалоочу акысыз кирип көрсө болот.

27-апрелде Бишкекте аталган тасмалардын авторлору жергиликтүү кино жаратуучулар менен тегерек үстөл уюштурат. (KR)

XS
SM
MD
LG