Татарстандын коопсуздук күчтөрү "Орусияда тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү" деген шек менен 14 кишини кармады.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) аймактык бөлүмү алар Казань шаарында 14 үйдө тинтүү жүргүзгөндөн кийин кармалып, камакка алынганын билдирди. ФСБнын офицерлери экстремисттик мазмундагы китептерди конфискалациялашкан.
“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жаштар арасында радикалдуу идеяларды жайылтып, аларды Сирия жана Ирактагы согушка тартуу стратегиясында “Хизб-ут-Тахрир” уюму маанилүү роль ойнойт.
Лондондо жайгашкан сунни мусулмандарынын “Хизб-ут-Тахрир” уюму ислам халифатын курууну көздөйт. Бул диний-саясий уюмдун ишмердигине Орусияда жана Борбор Азия өлкөлөрүндө тыюу салынган.