Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Бүгүн Бишкекте кыймылсыз мүлккө байланыштуу тегерек үстөл өтөт


Бишкектин мэриясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектин мэриясы. Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыймылсыз мүлккө күрөөнү онлайн режимде каттоо” деген жыйын Бишкек шаарында “Орион” мейманканасында өтөт. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.

Тегерек үстөлдө кыймылсыз мүлктү каттоо жана аларды күрөөгө коюу боюнча автоматташтырылган системанын иши жана бул багыттагы реформалар тууралуу сөз болот.

Иш-чараны Юстиция министрлигинин кыймылсыз мүлктү каттоо борбору Дүйнөлүк банк менен чогуу уюштурат. Ага аталган мекеменин, коммерциялык банктардын жана каржы-насыя ишканаларынын өкүлдөрү катышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG