Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Түнкү шамалдын кесепеттери такталууда


Кыргызстандагы шамалдын кесепеттери. Буга чейин тартылган сүрөт.
Кыргызстандагы шамалдын кесепеттери. Буга чейин тартылган сүрөт.

24-апрелдин кечинде жана түндө болгон шамалдын кесепеттери такталып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кечээ 18:00дөн 20:00гө чейин Баткен жана Талас облустарынын аймагында секундасына 14-20 метрге чейин жеткен катуу шамал болгон. Анда Талас районундагы бир нече турак жайдын чатырын шамал учуруп кеткен, Баткен облусу боюнча маалыматтар түшө элек.

Мындан сырткары түндө Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында секундасына 20 метрге чейин жеткен катуу шамал болду. Баштапкы маалыматтар боюнча шамалдын кесепетинен жабыркагандар жок.

Бишкекте айрым жерлерде дарактар кулаганы, үйлөрдүн чатырын учуруп кеткени кабарланды. Шамалдан улам борбордук аянттагы желек учуп түшүп, бир катар райондордо жарык өчкөн.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 24 метрден, ал эми тоолуу райондордо 35 метрден ашканда өзгөчө кырдаал деп эсептелет. (ErN)

XS
SM
MD
LG