Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 07:10

"Республика - Ата Журт" Албек Ибраимовду отчет берүүгө чакырды


Албек Ибраимов.

Бишкек шаардык кеңешинин оппозициядагы "Республика - Ата Журт" фракциясы 25-апрелде түштөн кийин мэр Албек Ибраимовдун отчетун угат. Бул тууралуу "Азаттыкка" депутат Канатбек Мүсүралиев билдирди.

Эл өкүлдөрү Албек Ибраимовдон курулуш, жер бөлүштүрүү, каражаттарды сарптоо жана башка иштер тууралуу отчет берүүнү сурашкан.

- Эгер келбесе, мэрге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүшүбүз мүмкүн,- деди Мүсүралиев.

Албек Ибраимов - 2016-жылдын февралынан бери Бишкек шаарынын мэри.

Буга чейин социалдык тармактарда "мэр кызматын тапшырууга арыз жазганы, шаардын 140 жылдык майрамы өткөндөн кийин иштен кетээри" тууралуу айың кеп тараган. Бирок мэриянын басма сөз кызматы бул кеп-сөздөр чындыкка дал келбестигин билдирген.

Бишкек шаарынын мааракеси 29-апрелде өтөт. (SE\KE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG