Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Ереванда нааразылык акциялары кайра башталды


Оппозициялык лидер Никол Пашинян Еревандагы демонстранттардын алдында. 25-апрель, 2018-жыл.
Оппозициялык лидер Никол Пашинян Еревандагы демонстранттардын алдында. 25-апрель, 2018-жыл.

Оппозициячыл депутат Никол Пашинян баштаган эл Еревандын көчөлөрүнө нааразылык иш-чараларына кайра чыга баштады. Анын алдында Пашинян менен башкаруучу Республикачыл партиянын жолугушуусу болбой калган.

Армениянын баш калаасына атайын күчтөр тартылып, чопкутталган аскер техникасы аянтка чыгарылды. Дүйшөмбүдө өкмөт башчы Серж Саргсян 11 күн бою тынбай өткөн массалык демонстрациялардан кийин бийликтен кеткен.

“Республикачыл партия Серж Саргсяндын кызматтан кеткенин пайдаланып, бийликти сактап калууга ниети бар” деди Пашинян 24-апрелдин кечиндеги видео кайрылуусунда.

“Биз партиянын өкүлүнүн премьер-министр болуп дайындалышына макул болуп, коррупциялашкан системанын турушуна жол бербейбиз”, - деп ал колдоочуларын “аянтка келип баркыт ыңкылабын аягына чыгарууга” чакырган.

Пашинян менен өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Карен Карапетяндын 25-апрелге белгиленген жолугушуусу болбой калды. Ал Пашиняндын койгон талаптары кабыл алынбай турганын билдирди.

Пашинян парламентке “элдин өкүлүн” өкмөт башчылыкка дайындап, андан соң мөөнөтүнөн мурун жалпы шайлоо өткөрүүнү сунуш кылды. Ал бул кызматка өзү ылайык экенин да билдирген.

“Эгер эл мага жоопкерчилик артса, мен аны алууга даярмын”, - деди оппозициячыл депутат 24-апрелде Еревандагы басма сөз жыйынында.

XS
SM
MD
LG