Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

Журналисттер Алиевдин кыздарынын жашыруун байлыгын табышты


Азербайжандын президенти Алиевдин үй-бүлөсү (сүрөт качан тартылганы белгисиз).
Азербайжандын президенти Алиевдин үй-бүлөсү (сүрөт качан тартылганы белгисиз).

Азербайжан президенти Илхам Алиев менен өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кямаледдин Гейдаровдун балдары офшордогу ондогон компаниялар аркылуу Европада жана Жакынкы Чыгышта кымбат баалуу мүлк сатып алып, заманбап мейманканаларга ээ болушкан. Мындай билдирүүнү "Коррупция жана уюшкан кылмыштуулук" бирикмесине кирген журналисттер тобу бир катар иликтөөлөрдөн кийин жасашты.

Эл аралык журналисттердин көлөмдүү иликтөөсүнө мальталык журналист Дафне Каруана Галициянын өлүмү түрткү болду. Ал "Pilatus" деген Мальтадагы банк менен азербайжан элитасынын байланышын иликтеп жүргөндө киши колдуу болгон. Журналисттер тобу бул банктын кардарларынан арасында Илхам Алиевдин кыздары Лейла менен Арзу да бар экенин аныкташкан. Ошондой эле алар бир нече офшордук компаниялардын чыныгы ээлери экенин да журналисттер өз булактарынан ырасташкан.

XS
SM
MD
LG