Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

"Республика - Ата Журт" фракциясы мэрдин отчетун угууда


Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов шаардык кеңешке отчет берүүдө.
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов шаардык кеңешке отчет берүүдө.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаттары шаар мэри Албек Ибраимовду отчетун угуп жатышат. Фракция өкүлдөрү мэрди гана чакырганын айтып, анын орун басарларын, башка департамент жана башкармалыктардын жетекчилерин залдан чыгарды.

Мэр мыйзамда жана регламентте "фракцияга отчет берүү" деген жок экенин, фракция мыйзамды бузуп жатканын, бирок отчет берүүдөн качпай турганын айтты. Ал мектептерди, маданий жайларды, жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатканын белгилеп, быйыл Бишкекте план боюнча 100 көчө оңдолорун кошумчалады.

Ушул тапта Бишкектин отузга жакын көчөсү ремонтко жабылып, унаалардын тыгынын күчөттү. Айрыкча, чоң көчөлөрдүн кесилишинде аябай коп тыгын болуп, шаар тургундарынын нааразылыгын жаратууда.

Бишкектин жолдорунун узундугу 1400 чакырымды түзөт. Анын болгону 250 чакырымынын гана абалы канааттандырарлык деп бааланган.

XS
SM
MD
LG