Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:02

Волейбол: Азия чемпионатында Кыргызстан Бангладештен жеңилди


Даккада жүргөн Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы.
Даккада жүргөн Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы.

Бангладештин Дакка шаарында өтүп жаткан волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпионатынын (борбордук зона) жарым финалында Бангладештин улуттук курама командасына Кыргызстандын командасы утулуп калды. Оюн 25-апрелде өтүп 3:2 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктады.

Бангладеш менен Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук круама командаларынын беттеши. Азиянын аймактык чемпионаты. Жарым финал. 25.04.2018-ж.

27-апрелде Бангладеш менен Түркмөнстандын курама командалары финалда ойнойт. Ал эми Кыргызстан менен Непал 3-орун үчүн таймашат.

Мелдештер 21-апрелде башталган. Ага алты өлкөнүн командасы катышып жатат.

Кыргызстан "В" тобунда Өзбекстандын жана Түркмөнстандын командалары менен ойноду. Алгачкы беттешинде Түркмөнстанга утулуп (0:3), 2-турда Өзбекстанды жеңип (3:2), тайпада 2-орунду алып жарым финалга чыккан.

Волейбол боюнча Азиянын аймактык чемпионаты (борбордук зона) быйыл 4-жолу өткөрүлүп жатат. Алгачкы чемпионатта Кыргызстандын командасы тайпалык мелдештерден чыкпай калган. 2016-жылы күмүш медал тагынып, 2017-жылы чемпион болгон. (ECh\ErN)

XS
SM
MD
LG