Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Макрон АКШ Конгрессин жалган маалыматтарга каршы күрөшүүгө чакырды


Эммануэл Макрон АКШ конгрессинде.
Эммануэл Макрон АКШ конгрессинде.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон АКШнын Конгрессинде сүйлөп жатып демократияны коргош үчүн жалган маалыматтар менен күрөшүүгө чакырды.

Макрон ошондой эле улутчулдукту жана эл аралык деңгээлдеги чыр-чатактарды чечүүгө катышпай коюуну сынга алды. Анын сөзүнө караганда бул адаттар “дүйнөлүк бакыбатчылыкка коркунуч келтирет”. Франциянын президенти соода согушу жакшылыкка алып келбей турганын, ошондуктан Кошмо Штаттар башка мамлекеттер менен экономикалык кызматташтыкты кайра карап чыгышы керек экенин белгиледи.

Эммануэл Макрон АКШга үч күндүк иш сапары менен барган. Шейшембиде ал АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушкан соң эки тарап Ирандын өзөктүк курал программасы боюнча жаңы макулдашуу иштеп чыгууга токтолушканын билдиришкен.

Президент Дональд Трамп эгер Иран өзөктүк программасын кайра баштаса “мурда болуп көрбөгөндөй олуттуу мүшкүлдөргө туш болоорун” эскерткен. Ал Иран менен алты чоң державанын ортосундагы 2015-жылкы макулдашууну “толук жарамдуу эмес” деп баалаган.

Трамп менен Макрондун макулдашуу боюнча пикирин Ирандын лидери Хасан Роухани сынга алып, эгер Вашингтон 2015-жылы жетишилген эл аралык макулдашууну бузса, Кошмо Штаттар ага “өкүнүп калаарын” билдирди.

2015-жылы Иран менен дүйнөдөгү алты ири мамлекет – АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай кол койгон документте "Тегеран өзөктүк тармактагы аракеттерин чектейт, бул үчүн Иран Ислам жумуриятына каршы санкциялар жеңилдетилет" деп айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG