Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Жамангулов 80 гектардан ашык жердин ижарага берилишин иликтөөгө чакырды


Бишкектеги курулуштардын бири.
Бишкектеги курулуштардын бири.

Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов бүгүнкү сессияда Бишкек шаарынын аймагында 86 гектар жердин ижарага берилишин иликтеп чыгууну өкмөттөн суранды.

- Өзүңөр жакшы билесиӊер, Канат Исаев "Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда 30 сотых жерди мыйзамсыз ижарага берип койгон" деген айып менен 12 жылга соттолду. Ал эми Бишкек шаарында мындай көрүнүштөр кадам сайын кездешет. Мисалы, Бишкектин аймагындагы 86 гектар жер беш жылдык мөөнөт менен мыйзамсыз ижарага берилип кетиптир. Ал жерге капиталдык курулуштар түшөт экен. Өкмөт бул маселени кылдат иликтеп чыгып, тийиштүү чара көрүшү керек.

Баш калаада 80 гектардан ашык жер тилкесинин ижарага берилип кеткени өткөн аптада маалымдалган.

Бишкек шаардык кеңешинин атайын түзүлгөн депутаттык комиссиясы мунун чоо-жайын иликтемей болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG