Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Сапар Исаков УКМКга суракка келди


Сапар Исаков атайын кызматка суракка келген учур.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берүүгө келди. Ал Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары бүгүн суракка чакырылган.

Быйыл кыш чилдеде Жылуулук электр борбору аварияга кабылып, абоненттерге бир жумадай жылуулук берилбей калган.

Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Кийинчерээк кылмыш иши козголуп, бир канча аткаминер камалган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (18)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG