Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:46

Элнура Алкановага карата кылмыш иши токтотулду


Элнура Алканова.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат журналист Элнура Алкановага карата кылмыш ишин токтотконун Медиа полиси инстутуту кабарлады. Бул билдирүү такталып жатканын аталган мамлекеттик кызматтын адистерди айтышты.

Алканова "маалыматты мыйзамсыз жол менен алуу фактысы" боюнча айыпталып жаткан.

2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Идеал Хаус" деп аталган турак-жай комплекси жайгашкан жерден 48 коттеж 12,4 гектар аянты менен аукциондо 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана мамлекеттин карамагына алынганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз "ВостокТехКомплект" компаниясы уткан.

Бул сатык боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазып чыккан. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал-Хаус" шаарчасына байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, Алкановага кылмыш иши козголгон.

"Идеал Хаус" чыры боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков жана анын орун басары Бакытбек Мураталиев камакка алынган.​ Алар "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан "Идеал Хаус" комплексиндеги имараттарды сатууда "бааларды арзандатууга катышы бар" деп шек саналууда.

Журналист Алканова бул камакка алуу иштери анын журналисттик иликтөөсүндө көрсөтүлгөн маалыматтардын ырастала баштаганын айгинелей тургандыгын айтып, өзүнө каршы иш кыскартылышы керек экенин билдирген. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG