Президенттик аппараттын атынан министрлерден акча сураган жаран кармалды.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Учурда “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азырынча милиция анын кайсы министрден канча сом алганы боюнча маалымат тарата элек.
Ал арада Айыл чарба министрлигинен белгисиз жаран аларга телефон чалып акча сураганын, бирок жетекчилиги бербегенин билдиришти.
Айрым жергиликтүү сайттар кылмышка шектүү жаңы дайындалган министрлерге телефон чалып, президенттин “оң колумун” деп акча талап кылганын жазып чыгышты. Анда жаранга бир нече министр 150 доллардан бергени айтылууда.
Кыргызстанда абакта жаткандар телефон аркылуу жарандарды алдап, акча талап кылган фактылар буга чейин да болгон. (TSh)