Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:36

ИИМ: Бир катар кызматкерлер иштен алынды


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ишиндеги кемчиликтер үчүн бир нече кызматкер иштен алынып, бир тобу дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

28-апрелде өткөн коллегиянын чечими менен Криминалдык милиция кызматынын аймак аралык башкармалыгынын начальниги Акылбек Мамасейитов, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мирлан Муктаров жана ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын начальниги Нурлан Таштан уулу иштен алынды.

Ал эми Тогуз-Торо ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги райондогу башаламандыкка жол бергени үчүн материалдар топтолуп, тергөөгө жөнөтүлдү. Ишиндеги жетишпегендиктер үчүн ондон ашык ИИМдин кызматкерлери, милициянын облустагы, райондогу жетекчилери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

ИИМдин кадр башкармалыгынын башчысы Имангазиевге, ички иликтөө кызматынын начальниги Скандербек Кочербаевге түшкөн арыздын негизинде кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Алар дагы убактылуу кызматтан четтетилди.

28-апрелде Ички иштер министрлигине жаңы дайындалган Кашкар Жунушалиев 2018-жылдын биринчи кварталындагы жасалган иштер боюнча жыйын өткөргөн. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG