Караколдо парламенттин эки жолку чакырылышында депутат болгон Улан Чолпонбаевдин элесине арналган республикалык шахмат чемпионаты аяктады. Мелдеш 25-апрелде башталып, 29-апрелде аяктады. Беш жаштан жогорку курактагылар катышкан чемпионатка жалпы 200 бала катышты.
“Улан Чолпонбаев” фонду каржылаган спорттук иш-чаранын сыйлыктарына 100 миң сом байге коюлган. Чолпонбаев Ысык-Көл облусунда Шахмат федерациясын түптөгөн.
Ал 2017-жылы ноябрь айында 40 жашында оорудан улам көз жумган. (AsM)