Багдаддын Борбордук криминалдык соту орусиялык 19 аялды “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулганы үчүн айыптуу деп тапты. Өмүр бою абак жазасы алар менен кошо азербайжандык алты, тажикстандык төрт аялга да берилди.
Түрмөгө кесилген аялдардын аты-жөнү буга чейин медиага айтылган.
Айыпкерлердин көбү сот жараяны учурунда аларды Түркиядан Иракка “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери мажбурлап алып келгенин айтышкан.
Ушул айдын башында Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Багдаддын түрмөсүндө “орус тилинде сүйлөгөн” 50дөн 70ке чейинки сандагы аял 100дөн ашуун баласы менен чогуу отурганын билдирген.
Захарова орус элчилигинин кызматкерлери айыпкерлерге жолуга албаганын, бул алардын сот иштери бүтүп тек-жайы аныкталгандан кийин гана мүмкүн болорун билдирген.
Быйыл февралда Ирак 27 аялды алар “Ислам мамлекети” тобу алдоо жолу менен кошулган деп аныктагандан кийин балдары менен кошо орус бийлигине өткөрүп берген. (UE)