Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Райондук гезиттердин жетекчилери президентке кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Райондук гезиттерди реформалоого каршы болгон жетекчилердин арызы өкмөттө каралып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу кабарлады. Анын айтымында, облустук жана райондук маалымат каражаттарынын жетекчилеринин президентке жазган каты өкмөткө кайра карап чыгууга жөнөтүлгөн.

- Бир райондук гезитке кеминде 2 млн. сомдон өйдө каражат сарпталат. Бизде канчалаган райондор, канчалаган райондук гезиттер бар? Ошолордун баарын кыскартып, медиа борбор түзүп, ошонун ичинде бирдиктүү система болсо канча каражат үнөмдөлөт эле? - деди ал.

Буга чейин маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов аймактардагы мамлекеттик маалымат каражаттары реформалана турганын, аймактык гезиттер Интернет форматына өтөрүн билдирген. Облустук маалымат мекемелерине бөлүнүүчү мамлекеттик каражаттын өздөштүрүлүшүн оптималдаштыруу максатында ар бир облуска жаңы медиа-борборлорду ачып, алар телеберүү, радио, гезит, жаңылыктар веб-сайты, басма сөз борбору, медиа мектеп (окуу борбору) сыяктуу платформалардан турары белгиленген. Бирок райондук гезиттердин жетекчилери буга каршы болушкан.

Кыргызстанда бюджеттен каржылануучу 34 райондук, 12 облустук гезит жана алты облустук телеканал бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG