Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Өзбекстандагы үч күндүк сапарында эки өлкөнүн алакаларын чыңдап, ишкердикти илгерилетүүнү сүйлөшөт. Ал Түркиянын 200дөн ашуун мамлекеттик жана бараандуу ишканаларынын өкүлдөрү катышкан өзбек-түрк экономикалык форумуна катышат.
Эрдоган Ташкентке 29-апрелдин кечинде келип конгон. Сапарга аттанарда ал Стамбулдагы "Ататүрк" аба майданында туруп, Түркия менен Өзбекстан “колдон чыгарган мүмкүнчүлүктөрдү” кайра жандандарууга үмүт артып турганын айтты.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Эрдогандын сапарында эки тараптуу байланыштарды бекемдөөнүн жолдору жана аймактык маселелер талкуулана турганын билдирди.
Эрдоган өзбек парламентинде сөз сүйлөп, 1-майда байыркы Бухара шаарына барары белгилүү болду.
Түркия Борбор Азиядагы беш мамлекеттин эгемендигин тааныган биринчи өлкө болгон. Бирок Ташкент менен Анкаранын мамилеси кийинки жылдары солгундап кеткен.