Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:18

АКШ: атайын прокурор Трамптын адвокаттарына суроо берет


Атайын прокурор Роберт Мюллер.
Атайын прокурор Роберт Мюллер.

“Нью-Йорк Таймс” гезити АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер президент Дональд Трамптын адвокаттарына 2016-жылкы шайлоого Орусиянын тиешеси бар-жогун иликтөөнүн алкагында бир катар суроолордун тизмесин бергенин жазды.

Басылманын 30-апрелдеги санына чыккан маалыматка караганда, Трамптын Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) башчысы Жеймс Комини кызматтан кетиришинин себептери жана шайлоо штабынын орусиялыктар менен байланышы канчалык болгону тууралуу суроолор бар.

Иликтөөчүлөр ошондой эле президенттин аракетинде иликтөөгө бут тосуу болгон-болбогонун аныктап, Трамптын өзүнө суроо берүүнү көздөшөт.

Трамптын шайлоо штабынын мурунку башчысы Пол Манафорт, президенттин күйөө баласы Жаред Кушнер жана президенттин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинге байланыштуу суроолор камтылган. Иликтөөчүлөр башкы прокурор Жефф Сешнстин Орусия боюнча иликтөөдөн баш тарткан чечимине да кызыгышкан.

Трамптын адвокаттары гезитке чыккан маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Былтыр май айында АКШда президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен ыктымал байланыштарын иликтеш үчүн атайын прокурор дайындалып, бул милдет ФБРдин мурдагы директору Роберт Мюллерге жүктөлгөн.

XS
SM
MD
LG