Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:42

Париж: Кесиптик кошуундардын жүрүшү тополоң менен коштолду


Демонстранттын колундагы фальшфейер. Париж. 1-май, 2018-жыл.

Франциянын борбору Парижде 1-майда президент Эммануэл Макрондун экономикалык реформаларына каршы кесиптик кошуундардын акциясы жапырт баш-аламандык менен коштолду. Беткапчан 1200гө жакын киши полицияга таш жана «Молотов коктейлдерин» ыргытышты.

Эл аралык француз радиосунун маалыматына караганда, кесиптик кошуундар тобу Бастилия аянтынан Италия аянтына чейин жүрүшү керек болчу. Бирок демонстранттардын жүрүшүн «Кара блок» кыймылынын активисттери үзгүлтүккө учураттты. Солчул радикалдар жолдогу дүкөндөр менен банктардын терезелерин талкалап, таштанды челектерге өрт коюшкан.

Тополоң маалында жол жээгинде жайгашкан «Макдоналдс» ресторанына жарылуучу зат куюлган шише ыргытылган.

«Кара блок» 2017-жылы жайында Гамбургда «Чоң жыйырма» тобуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуусунда уюштурулган баш-аламандыктарга тиешеси болгону менен белгилүү. Анда 70тен ашык полиция кызматкери жабыркаган.

XS
SM
MD
LG