Эстонияда 16 өлкөдөн барган, 13 миң аскер катышкан аскердик машыгуу башталды. “Кирпи” деп аталган аскердик машыгуу 14-майга чейин уланат. Эстониянын эгемен тарыхында мындай көлөмдүү иш-чара болгон эмес. Машыгуулардын бир бөлүгү коңшулаш Латвияда өтөт.
Эстониялык аскерлерден сырткары АКШнын, Британиянын, Германиянын, Канаданын, Польшанын, Украинанын, Финляндиянын, Швециянын, Даниянын, Бельгиянын, Ирландиянын, Латвиянын жана Грузиянын жоокерлери машыгууга катышат. Аларга армиядан башка запастагы аскерге милдеттүүлөр, полиция жана куткаруу кызматтары да тартылган.
Эстония жана Латвия Орусия менен чектешет. Экинчи дүйнөлүк согушта Балтика боюндагы үч өлкө Советтер Союзуна кошулган. Бул үч өлкө тең ушул тапта НАТОго жана Евробиримдикке кирет. Алардын Орусия менен мамилеси 2014-жылы Москва Крымды аннексиялап алгандан бери чыңалган бойдон турат.