Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 08:27

"Апрель" телеканалынын директору Дмитрий Ложников бул медиага экс-президент Алмазбек Атамбаев ээлик кыларын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Ложников экс-президент телеканалдын артында тураарын жазып, аны менен түз байланышы бар экенин жашырбаган "биринчи саясатчы" деп атады.

Кыргызстанда "Апрель" деген жаңы телеканал жыл башында пайда болгон.

Медиа мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин пикирлештерине таандык экени айтылган "ON1" каналынын негизинде түзүлүп, ага "Бешинчи каналдан" кеткен жамааттын бир бөлүгү өткөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG