Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 08:56

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши АКШ тарабынан Орусияга каршы киргизилген жаңы санкцияларга кошулуу жөнүндө чечим кабыл алды. Мекеме Кремлге карата Крымды аннексиялоо жана Донбасстагы агрессия боюнча буга чейин киргизилген санкцияларды да узартты.

АКШ 6-апрелде орусиялык 24 жаранды жана он төрт компанияны "кара тизмеге" киргизген. Алардын арасында миллиардерлер Олег Дерипаска, Виктор Вексельберг, Сулейман Керимов, Игорь Ротенберг жана Кирилл Шамалов, ВТБ банкынын төрагасы Алексей Костин, "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер, Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Росгвардиянын жетекчиси Виктор Золотов, ички иштер министри Владимир Колокольцев, Роскомнадзордун жетекчиси Александр Жаров бар.

Орусия буга жооп даярдалып жатканын билдирген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG