Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 19:58

Бишкек-Ош унаа жолунун 467-чакырымында (Чүйүт-Сай тилкеси) “Хонда Степ” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бак сүзгөн. Натыйжада үч адам каза болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, мерт болгондордун экөө аял, бирөө эркек. Алардын аты-жөнү, туулган жылы жана дареги такталууда.

Кырсыктан мындан сырткары дагы бир эркек киши жабыркаган.

Аталган жолдун 467-чакырымы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарына туура келет. Окуя болгон жерге ӨКМдин Таш-Көмүр шаардык №2 издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылды. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG