Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:36

Азимжан Аскаровдун байбичеси БУУнун комитетине кайрылды


Азимжан Аскаровдун жактоочулары ал милициянын кыйноосуна кабылганын айтып келишет.

Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова Бириккен Улуттар Уюмунун расалык басмырлоо маселелери боюнча комитетине кайрылды. Өткөн аптада ал комитеттин Женевада өткөн сессиясына катышып сөз сүйлөдү.

Аскарова: “Ал кандуу окуялардан бери сегиз жыл өттү. Баарын эмоциясыз жана калыс карап чыгууга жетиштүү мезгил болду. Каталарды моюнга алып, оңдоого убакыт келип жетти. Баарыңардан менин күйөөмдүн жана ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча катаал жазага туш болгон ондогон башка адамдардын иши боюнча акыйкатты калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү суранам”, - деди.

Бир ай мурда Аскарова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Аскаровдун жана аны менен кошо соттолгон жети адамдын ишин көз каранды эмес эксперттердин кайра кароосуна жөнөтүп, мыйзам бузуу аныкталса иликтөөнү башка тергөөчүлөргө жана чечим чыгарууну башка сотторго берүүнү суранган, мүмкүн болсо Аскаровго мунапыс беришин өтүнгөн.

Азимжан Аскаров "Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган" деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Прокуратура жана сот органдары анын күнөөсү далилденгенин айтышкан. Эл аралык коомчулук ал куру доомат менен негизсиз камалганын билдирип жүрөт. (RK)

XS
SM
MD
LG