Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 16:02

Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө “Алайкуу-2018” этно-фестивалы башталды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

Сай-Талаа айылында өтүп жаткан иш-чара бүгүн негизинен конокторду тосуп алуу, аларды аймак менен тааныштыруу менен коштолот. Эртең, 5-майда улуттук тамак-аш даярдоо боюнча мастер-класс жана алардын даамын татуу, сувенирдик буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстар өтөт. Фестивалдын программасына ал кыштактагы Боз үй шаарчасын, Гэст хаузду, кофейняны жана сүт цехтерин өзүнө камтыган “Экоферма Алайку” комплексинин бет ачары жана ал жакка экскурсия киргизилген.

Фестивалда улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлөт жана концерттик программа көрсөтүлөт.

Иш-чарага 600дөй жергиликтүү тургундар жана туристтер катышат деп күтүлүүдө. Мындан сырткары, кыргызстандык жана чет элдик туристтик агенттиктердин өкүлдөрү да келишет.

Фестивалды “Алайку Органикс” уюму, Ишкерлердин аймактык кеңеши, “Кыргыз Экотуризм” туроператорлор ассоциациясы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү уюштурууда. Аларга “Ош облусунун интеграциялык өнүгүшү” долбоорунун алкагында Орусия Федерациясы каржылык көмөк көрсөтүүдө.

Ушуга окшош эле фестивалдар 2017-жылы Кара-Кулжа районунун Кайың-Талаа айылында, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында жана Өзгөн шаарында да өткөн. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG