Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 03:41

Кыргыз акындары Түркияда эл аралык фестивалга катышууда


Кыргызстандык акын Алтынбек Исмаилов.

Стамбул шаарында өтүп жаткан эл аралык фестивалга түрк тилдүү 16 өлкөдөн барган 38 акын катышып жатат.

Бул жылы алтынчы ирет уюштурулган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Ирак, Македония жана Түркия мамлекеттеринин өкүлдөрү поэзия сүйүүчүлөргө ырларын окуп берүүдө.

Фестивалдын алкагында Стамбул шаарындагы мектептерде, маданият үйлөрүндө окурмандарга акындар менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Уюштуруучулар технологиянын өнүккөн убагында жаштарга аз да болсо ыр дүйнөсүн таанытууну максат кылышкан. Фестиваль 5-майда чоң концерт менен жыйынтыкталат. (ElB)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG