Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Чеченстан: сот Оюб Титиевди камактан чыгаруу тууралуу өтүнүчтү четке какты


4-майдагы соттук отурум.
4-майдагы соттук отурум.

Грозный соту Орусиядагы "Мемориал" укук коргоо уюмунун Чеченстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, "баңгизат сактаган" деп шек саналып жаткан Оюб Титиевди камакка алган сот чечимин жокко чыгаруу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок.

Адвокаттардын айтымында, укук коргоочуну камакка алуу жөнүндө чечим чыкка мурдагы сот отурумунда мыйзамдык эрежелер бузулган.

“Хьюман Райтс Уочт” эл аралык укук коргоо уюму да 3-майда Футбол федерацияларынын дүйнөлүк ассоциациясы - ФИФА чеченстандык укук коргоочу Оюб Титиевдин абактан эч шартсыз бошотулушу үчүн Кремлге “таасир этиши” керек деген билдирүү тараткан.

Уюмдун билдирүүсү Орусияда 14-июнда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталганы жатканда кабыл алынды.

Орусиянын белгилүү укук коргоо уюму болгон “Мемориалдын” Чеченстандагы бөлүмүнүн башчысы, 60 жаштагы Оюб Титиев 9-январда камакка алынган. Полиция "анын автоунаасынан 180 грамм марихуана табылды" деп ырастаган.

Чеченстандын бийлиги болсо укук коргоочунун камакка алынышында саясий жүйө бар экенин четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG