Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Таласта көз жарган окуучу кыздын окуясы тергеле баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас шаарындагы №5 мектептин 8-классынын окуучусу көз жарганы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси ("жашы жете элек өспүрүм менен жыныстык катнашта болуу") менен иш козголду. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Анын маалыматына ылайык, кылмышка шектүү катары 23 жаштагы тургун камакка алынды.

Факт боюнча тергөө уланууда.

Таласта 3-майда 15 жаштагы окуучу кыз төрөгөн. Дарыгерлер эне-баланын ден соолугу жакшы экенин билдирген болчу. Ал эми мектеп жетекчилиги кыз көз жарганга чейин мектепке келип жүргөнүн, анын кош бойлуу экенинен кабарсыз болушканын айткан. (AlS\ErN)

XS
SM
MD
LG